Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды 

  • 3 года мурун

Бишкек – Ош унаа жолунун 420-чакырымында чиркегичи бар MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, анын кесепетинен жолдо тыгын жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дө Беке-Чал тилкесинде 500дөн ашуун унаа жолдон өтө албай токтоп турган. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн куткаруучулар, бир автокран жана бир автожүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды.

Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты