COVID-19: Үч бейтап каза тапты, 43 жаңы учур катталды

  • 3 года мурун

24-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 43 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 14;

Ош шаары – 2;

Чүй облусу – 11;

Ош облусу – 3;

Талас облусу – 0;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 8;

Жалал-Абад облусу – 3;

Баткен облусу – 1.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 182 996га жетти. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 94. Каза болгондордун саны — 3, алар эмдөө албагандардын арасынан чыкты.

Стационарда 454 жана амбулатордук түрдө 582 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты