Садыр Жапаров: Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Сокулук районунда жаңы конуштардын тургундары менен жолуккан учурда душмандары бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар экенин айтты.

«Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар. Мына көмүр боюнча бир ай какшап сурандык. Бааны түшүргүлө, бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет десем, жок миң доллар табыш керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп таштадык эле ишсиз калышты».

Президент көмүр казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталганын мойнуна алып, ага «Кыргыз көмүр» ишканасында эки жетекчи алмашып, саботаж уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Президент учурда көмүр маселеси чечилгенин, Кара-Кечеде көмүр казылып жатканын кошумчалады.

Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда Ала-Тоо — 3 жаңы конушунда Бишкектин тегерегиндеги жерлеринин кызыл китеби жок тургундары менен жолугушту. Жолугушууга миңдей адам келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты