Шаршенбек Абдыкеримов шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

№33 Нарын округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шаршенбек Абдыкеримов шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Ат-Башы районунда өткөн үгүт иш-чарасында билдирди.

Маалыматты талапкердин штабынан тастыкташканын Kaktus.media жазып чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) Шаршенбек Абдыкеримовдон шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз түшө элек экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-ноябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Абдыкеримовдун улуу кызына күйөө бала болууну каалагандар үчүн кастинг жарыялаганын жазышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты