Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары алмашты

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нурлан Умтулов жана Бекболот Алиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 12-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын башка буйруктарына ылайык, Айдай Карагулова менен Искендер Асылкулов Салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары алмашты
Нурлан Умтулов

Нурлан Умтулов буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын методология башкармалыгын жетектеген.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары алмашты
Бекболот Алиев

Бекболот Алиев Экономика жана финансы министринин орун басары болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты