Садыр Жапаров ТЭЦ–2 объектиси 2023-жылдын ортосуна чейин ишке киргизилерин билдирди

  • 2 года мурун

Электр энергиясынын көйгөйүн чечүү үчүн ТЭЦ–2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда аталган аймактын тургундары менен жолуккан учурда билдирди. 

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы бүгүн, 15-ноябрда аталган стратегиялык объектиде болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.

«Президент электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ЖЭБ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтты», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары маалыматта мамлекет башчысы ТЭЦ – 2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү маселесин чечүүнү тиешелүү тараптарга тапшырганы айтылат.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер Кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деп билдирген Жапаров.

Үстүбүздөгү жылдын март айында эле бул аймактагы конуштар боюнча чуу чыккан. Ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Марипов ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо анын аймагындагы 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген. Буга нааразы болгон тараптар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты