Бир мандаттуу округдардан шайлоого 298 талапкер катышат. 23ү баш тартты

  • 3 года мурун

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон дагы эки адам шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, талапкерликтен баш тартуу тууралуу арыз жазгандардын саны 23кө жетти. Жыйынтыгында, 15-ноябрга карата бир мандаттуу округдан шайлоого катыша турчу талапкерлердин саны 298ди түздү.

Белгилей кетсек, БШК бир мандаттуу округдан 321 талапкерди расмий каттаган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты