Садыр Жапаров түрк ишкерлерин Баткенге инвестиция салууга чакырды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ал ишкерлерге Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө макам берилгенин айтып, бул бизнести өнүктүрүүгө, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүшүнө мүмкүндүк бере турганын белгиледи.

Президент Баткен аймагында өзгөчө жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштей турганын кошумчалады. Ага ылайык, Баткенге инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда жана сатуу салыгынан бошотулат. Өндүрүшкө зарыл болгон жабдууларды ташып келүүдө бажы төлөмү алынбасын, киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга түшүрүлөрүн айтты.

Мамлекет башчы түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Кыргызстандагы түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300дөй компания иштейт. Анда жалпысынан 5000ден ашуун кыргызстандык эмгектенет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты