«Кыргыз темир жолунун» кыймылдуу курамын жаңылоо боюнча меморандумга кол коюлду

  • 3 года мурун

Кечээ, 10-ноябрда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Улуттук лизинг корпорациясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумдун алкагында, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо, локомотивдерди, вагондорду, адистештирилген жабдууларды жана программалык камсыздоону жеткирүү боюнча, ошондой эле лизингдик операцияларды каржылоо жаатында кызматташуу жүрөт.

Мекеме берген маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» өз каражатынын эсебинен «Алтай Вагон» ААКынан 100 даана жарты вагон сатып алууда. Алардын элүүсү ушул жылдын аягына чейин, дагы 50 вагон 2022-жылдын биринчи кварталында келери күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты