Шайлоо-2021: «Азаттык» партиясы шайлоочуларга талон менен күйүүчү май тараткан

  • 2 года мурун

Ош облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттык» партиясынын Алай районундагы штабы шайлоочуларга күйүүчү май алуу үчүн талон таратканын тастыктады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү «Азаттык» партиясынын ишенимдүү адамы Гүлчө айылындагы «Россия Нефть» май куйуучу жайынын улук операторуна Маданият үйүнө үгүт иш-чарасына келген шайлоочуларга май куюп берүү үчүн 50 миң сом таштаган. Талондор шайлоочуларга алдын-ала таратылган.

Милициядан билдиришкендей, 4-ноябрда саат 17:40 чамасында «Азаттыктын» өкүлү май куйуучу жайга келип, айдоочулар таштап кеткен талондорду чогултуп кеткен. Партиянын өкүлү жалпысынан 80 миң сом төлөгөнү белгилүү болгон.

Шайлоо-2021: "Азаттык" партиясы шайлоочуларга талон менен күйүүчү май тараткан

Тергөөнүн жүрүшүндө партия тараткан талон менен 48 адамдын май куйганы аныкталган. Алардын бардыгы суракка чакырылган. Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүн тастыктаган видеотасмалар жана тиешелүү документтер алынган. Ошондой эле партиянын штабындагы компьютерден басмага даярдалган талондордун файлы табылган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси («Добуш сатып алуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

7-ноябрда талондорду жасап тараткан партиянын ишенимдүү өкүлүнө жогоруда аталган иш боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирме берилген. Бирок шектүүнүн жактоочусу «аталган киши ден соолугу начарлап, Ош шаардык ооруканасынын жүрөк оорулар реанимация бөлүмүнө жатканы боюнча» тастыктама алып келген.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты