Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган Ж.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 2022-жылдын январь айында жабырлануучуга Отуз-Адыр айыл аймагынан 2 даана үй куруу үчүн жер участогун сатамын деп деп 375 000 (үч жүз жетимиш беш миң) сом акчасын алдоо жолу менен алып, ушул убакытка чейин кайтарып бербегендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1986-жылы туулган К.Т. аттуу жаран (ошол мезгилде жергиликтүү кеңештин депутаты) шектүү катары кармалып, 2024-жылдын 14-декабрында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук сот тарабынан каммакка алынды.

Учурда шектүү К.Т. башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты