Президенттин туугандары шайлоо процессине аралашып жатабы? Расмий жооп

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын жакын туугандары шайлоо процессине таасир этип жатат деген маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Ал билдирүүсүндө президент Садыр Жапаров өзүнүн жакын туугандарынын эч кимисине кайсыл бир саясий процесстерге аралашуусуна жана аларга таасир этүүсүнө жол бербей турганын белгилеген.

«Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайт имиш жана шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылууда деген маалымат жалган. Мамлекет башчынын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча туруктуу позициясын биз бир нече жолу белгилегенбиз», — деди Султанбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сентябрдын башында президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам саясатка аралашып, талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү бул тууралуу өзүнүн Telegram каналында маалымдап, мамлекет башчыга баласын тыюуну сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты