Шайлоо-2021: Манас шайлоо округунан талапкер добуш сатып алууга айыпталууда

  • 3 года мурун

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбеков добуш сатып алууга айыпталууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам чара көрүү боюнча координацялык тобу кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда М. П. аттуу «Фейсбук» колдонуучусу Назарбековдун шайлоо мыйзамынын нормаларын бузуп, добуш сатып алууга аракет кылып жатканы жөнүндө билдирүү калтырган.

«БШКнын координациялык тобуна келген видеодо Кара-Буура райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Ш. Л. Назарбековдун оорукананын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 250 миң сом бөлүп бергенин, Шекер айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка 300 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөткөнүн айткан», — деп жазылат маалыматта.

Аталган видеодо мындан тышкары талапкердин Кызыл-Адыр жана Аманбаев айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна эки тез жардам унаасын белекке бергени, Кара-Буура ооруканасына кычкылтек концентраторун алып бергени жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөткөнү тууралуу айтылган.

Бул маалымат добуш сатып алуу фактыларын текшерүү жана укуктук баа берүү максатында Ички иштер министрлигине жана №20 Манас округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты