Шайлоо-2021: БШК добуш сатып алуу боюнча маалыматты текшерет

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна №28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мелис Турганбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларга акча сунуштап жатканы жөнүндө маалымат түштү.

Арыз К.Г. аттуу жарандан түшкөн. Ал өз арызында Бишкек шаарынын 5-кичи районунда талапкер Мелис Турганбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларга добушу үчүн миң сомдон сунуштап жатканын айткан.

Маалымат текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты