Шайлоо-2021: Талапкердин апасы мугалимдерге акчалай сыйлык тараткан

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна №20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы жөнүндө арыз түштү.

Арызда Мирлан Назарбековдун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы стадиондо мектеп окуучуларынын катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөргөнү жазылган. Иш-чарада окуучулар талапкердин логотиби түшүрүлгөн жилеттерди кийип, желектерди көтөрүп жүрүшкөн.

Мындан тышкары арызда райондук билим берүү борборунун башчысы Ж.С.нын мугалимдер күнүндө Мирлан Назарбековдун апасынын атынан мектеп директорлоруна 5 миң сом жана айрым мугалимдерге 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бергени айтылат. Арыздагы маалыматка ылайык, жолугушуунун аягында Ж.С. мектеп директорлорун жана мугалимдерди Мирлан Назарбековду колдоп, үгүт жүргүзүүгө чакырган.

Аталган маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, текшерүү башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты