Бир мандаттуу округдан дагы 6 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон дагы 6 адам шайлоого катышуудан баш тартты. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-ноябрдагы отурумунда белгилүү болду.

БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз берген талапкерлердин тизмеси:

  • Эркинбек Чодуев — №10 Куршаб шайлоо округу
  • Токтоналы Нусубалиев — №21 Талас шайлоо округу
  • Салиман Малдыбаева — №36 Ысык-Көл шайлоо округу
  • Акылсайры Жумабекова — №35 Ак-Суу шайлоо округу
  • Улан Карагулов — №31 Чүй-Кемин шайлоо округу
  • Асан Шакиров №13 Сузак шайлоо округу

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир мандаттуу шайлоо округдарынан 306 талапкер шайлоого катышарын билдирди.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты