БШК Дастан Бекешевге үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн эскертүү берди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевге үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн эскертүү берди. Мындай чечим, кечээ, 1-ноябрда Боршайкомдун отурумунда кабыл алынды.

БШКнын жумушчу тобу Бекешевдин социалдык тармактарда билдирүүлөрүнөн мөөнөтүнөн мурун башталган үгүттөөнүн белгилерин аныкташкан.

«Билдирүүлөр 2021-жылдын март айынан тартып жазылган. Ал эми шайлоо 2021-жылдын 29-августунда белгиленген», — деп билдирди БШКнын өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин БШКнын жумушчу тобуна Акбар Бейшалиев аттуу жарандан Бекешевдин шайлоо фондун каржылоо эрежесин бузгандыгы жөнүндө арыз түшкөн. Боршайком талапкердин эсеп ачып, каражат топтоосунда мыйзам бузулбагандыгын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты