Улуттук банк валюта базарына 50 миллион доллар сатты

  • 2 года мурун

Кечээ, 28-октябрда Улуттук банк финансылык рынокко интервенция жасап, 50 млн. долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Ошону менен бул өлкөнүн башкы банкынын октябрь айындагы үчүнчү, жыл башынан берки онунчу интервенциясы болуп калды. Расмий маалыматка ылайык, Улуттук банк бул жылы валюта базарына жалпы 391 млн. 350 миң доллар сатты.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Улуттук банктын расмий сайтында 29-октябрга карата доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн.

2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты