Бажы кызматынын төрагасы болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды

  • 2 года мурун

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү жарлыкка, бүгүн, 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындан тышкары Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Эрик Ирискулов жана Азамат Абдыкалыков дайындалды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Адилет Кубанычбеков «Silk Way өндүрүш паркы» ЖЧКнын башкы директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

Белгилей кетсек, буга чейин Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Самат Исабековдун жана анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубанычбек Шатемировдун кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты