Бажы кызматынын башчысы отставкага кетти

  • 2 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги аталган мекеменин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Исабеков башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз каалоосу менен төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ошондой эле Исабеков менен бирге анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубанычбек Шатемировдун кызматынан кеткени айтылууда.

Самат Исабеков Бажы кызматынын башчысы болуп ушул жылдын 7-июнунда дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты