Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, экс президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Исхак Раззаковдун урпактары, Жогорку Кеңеш депутаттары, замандаштары катышып жатат.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров эскерүү иш чарасында сөз сүйлөп, анда төмөндөгүлөргө токтолду:

«Элибиз журт башына келе турган адамдын эң алгач эле таза, калыс, адилет болушун тилейт. Ошондон улам эл арасына Исхак Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кетти. Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет. “Адам тагдыры менен кошо төрөлөт” деген кеп сыңары, Исхак Раззаков атабыз кичинесинен эле кыйынчылыктарга туш болуп, түгөнбөгөн түйшүк менен татаал жолду башынан кечиргени жалпыбызга маалым. Бирок жаштайынан чыйрак өсүп, Самарканддан, Москвадан билим алып, эмгек жолун Өзбекстандан баштап, бара-бара көптөгөн мамлекеттик кызматтын баскычтарын басып өтүп, 1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган».

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Ал он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган. Анын 110 жылдыгы былтыр пандемия учурунда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада чакан чөйрөдө белгиленип, илимий конференция жана «Алтынды дат баспайт» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты