Баткен: Дайынсыз жоголду делген адамдын сөөгү ажатканадан табылды

  • 3 года мурун

Баткен районунун Бужум айылында дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 33 жаштагы адамдын сөөгү короодогу ажатканадан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын билдиргенине караганда, 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев 17-октябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу милицияга Жигиталинин эжеси 19-октябрда кабар берген.

Кечээ, 21-октябрда саат 17:00 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дайынсыз жоголду делген Жигиталинин сөөгүн Өрүкзар көчөсүндөгү үйдүн ажатканасынан алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.

Аталган факты боюнча буга чейин адамдын дайынсыз жоголгонуна байланыштуу иш козголгон. Ал азыр «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлүп, кылмышка шектүү катары ошол эле Бужум айылынын тургундары 31 жаштагы И. М. менен 28 жаштагы Ж. Н. кармалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты