Шайлоо-2021: бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 партия 1046 талапкердин тизмесин берди

  • 3 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоого бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан 1046 талапкер катышат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, БШКга 21 саясий партия талапкерлердин тизмесин берген.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жалпы саны — 1046. Алардын ичинен 669у эркек, 377си аял. Талапкерлердин арасында майыптыгы бар 46 адам бар. Ал эми башка улуттун өкүлдөрүнөн 189 адам ЖКнын депутаттыгына талапкерлигин койгон.

БШКга келип түшкөн тизмеге ылайык, жашы 35 жаштан жогору эмес талапкерлердин саны — 267.

БШК 29-сентябрга чейин келип түшкөн документтердин мыйзамга ылайык келип-келбестигин текшерет.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты