БШКга «Азаттык» партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу арыз түштү

  • 3 года мурун

Жарандык активист Анарбек Катаганов «Азаттык» партиясынын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирди.

Катагановдун айтымында, ал арызында «Азаттык» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган. Активист буга бир канча себеп бар экендигин белгилеген. Анын айтымында, съезд учурунда талапкерлердин тизмеси толук айтылган эмес. Ошондой эле бюллетенде дагы тизме толук көрсөтүлгөн эмес.

Катаганов мындан тышкары партиядан түшкөн сунуштун негизинде бардык документтерин даярдап келген келгенине карабастан, тизмеге кирбей калганын жазган.

БШКдан съездде бекитилген талапкердердин тизмесин өзгөртүүгө партиялардын укугу жок экенин билдиришти. Ал эми съезд учурунда тизме толук айтылышы керек. Ошондой эле делегаттар кимге добуш берип жатканын билиши үчүн бюлеттенде тизме толук көрсөтүлүшү зарыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты