Парламент Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин жаңыланган долбоорун президентке жолдоду

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш кайрадан кабыл алынган Жазык жана Жазык-процесстик кодекстерин президентке кол коюуга жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта учурда документтер президенттин администрациясынын профилдик бөлүмүндө каралып жатканы айтылат.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров сентябрь айында Жазык, Жазык-процесстик кодекстеринин жана Бузуулар жөнүндө кодексинин жаңы долбоорун парламентке кайра кайтарган. Мамлекет башчысы «Үй-бүлөлүк зомбулук» жөнүндөгү мыйзам дагы иштелип чыгышы керек экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамдар президент кол койгон күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты