“4 сааттын ичинде акчаңызды 10 эсе көбөйтүп берем”. Фейк брокерлик менен алектенген телеграм-канал
- 4 недели мурун
- Баяндар, Фактчекинг
Инстаграм социалдык тармагында оңой акча табууну сунуштаган жарнама тарап жатат. Анда “Раяна Мусаева” аттуу жаш кыз жүздөгөн кыргызстандыктарга жардам берген уникалдуу системанын автору. Ал жараткан система ар кайсы жактарда жайгашкан адамдарга күнүнө 60 миң сомдон баштап табууга жардам берет. Буга чейин анын каналы жабык болчу. Бирок учурда канал бардык каалоочулар үчүн ачык. Сизге бул коомчулуктун мүчөсү болуу буйруду” деп жазылып, телеграм-каналга шилтеме берилген.
“ПолитКлиника” медиасы бул жарнаманы жана каналды текшерип көрдү
Телеграм-канал тууралуу
Шилтемедеги телеграм-канал “Исламские Финансы” аталат. 2024-жылдын декабрь айынан баштап иштейт жана 12 миңден ашуун катталуучусу бар. Каналга өзүн Раяна Мусаева деп тааныштырган аял “5000 сомдук инвестиция жасасаңыз, акчаңызды 4 сааттын ичинде 10 эсе көбөйтүп берем, инвестицияңызды жоготпойсуз, анткени бул Халал, 100% кепилдик берилет”деген өңдүү убадаларды берген.
—
Мындан тышкары “акча которуп, ийгиликке жетти” деген адамдардын ыраазычылыгы деп, ар кандай жазышууларды каналга жүктөп турган.
Колдонулган сүрөттөр — фейк
Жарнаманын эң башында көңүл бурдуруучу сүрөт бул кыздын президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү. Биз кайтарым издөө аркылуу бул сүрөттүн түп нускасын таптык. Президент Садыр Жапаровдун сүрөтү мушкер Валентина Шевченко менен болгон жолугушуусунан кесилип алынган.
Ал эми Раяна Мусаевага таандык деп берилген эс алуудагы, кымбат вилланын жанындагы сүрөттөр фейк болуп эсептелет. Алардын дээрлик баардыгын Pinteres тен табууга болот. Бул сүрөттөргө болгону “Раяна” делген айымдын жүзү фотошоптолгон.
Жасалма паспорт жана лицензияларды колдонгон
Биз каналдын ээси менен байланышып, инвестиция жасоого даяр экенибизди, бирок бул үчүн жеке жолугушууну сурандык. “Раяна” “Силер 10 000 ден ашык адамсыңар, мен робот эмесмин, балким, биз такыр бир шаардан эмеспиз” деген шылтоолор менен жолугушуудан баш тартты. Бирок сөздөрүнүн кепилдиги катары паспортунун жана лицензиясынын сүрөттөрүн жиберди.
Бирок бул эки документ тең жасалма болуп чыкты.
Мисалга ал жөнөткөн паспорттун номерин мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан издеп, мындай паспорт жок экенин аныктадык.
Ошондой эле “Раяна” бизге жиберген лицензия толук талаптарга жооп бербейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, лицензиянын мазмуну төмөнкү талаптарга жооп бериши керек.
1 — Лицензиялоочу органдын аталышы;
2 — юридикалык жактын фирмалык аталышы;
3 — жеке жактын фамилиясы, жеке ишкерлер үчүн — жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;
4 — иштин лицензиялануучу түрү;
5 — лицензияны жана уруксатты колдонуу мөөнөтү;
6 — ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
7 — лицензия жана уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8 — салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
Ал эми жогорудагы документтерде жеке ишкерди мамлекеттик каттоо номери, лицензияны жана уруксатты колдонуунун так мөөнөтү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле лицензияга жакшылап көз чаптырып, анын анык документ эместигин тастыктаган деталдарды табууга болот.
Мисалга жогоруда “Лицензиянын номери” жазуусу менен көрсөтүлгөн номер бирдей линияда жайгашкан эмес.
Ошондой эле лицензия берилген жер катары Бишкек, берүүчү өлкө катары Кыргызстан көрсөтүлүп, өлкөнүн герби колдонулганы менен ишмердүүлүктүн түрү жана өзгөчө шарттары тууралуу линиянын астында майда шрифт менен “Казакстан Республикасынын мыйзамына ылайык”, “Казакстан Республикасынын мыйзамынын 36-беренесине ылайык” деп жазылган.
Мындан сырткары, документтеги текст ар кайсы жеринде эки башка шрифт жана тамгалардын чоңдугундагы айырмачылыктар менен жазылганын көрүүгө болот. Расмий документтерде мындай катачылыктарга жол берилбейт, андыктан бул лицензияны жасалма документ дей алабыз.
Раяна Мусаеванын атына шылуундук тууралуу кайрылуулар бар
Биз интернеттеги булактардан Раяна Мусаева жана анын брокердик ишмердүүлүгү тууралуу маалымат издеп көрдүк. Натыйжада Vklader деп аталган досчулук сайтынан бул ысымга эскертүү таптык. Анда бул айымдын шылуундук схемасы тууралуу маалымат жазылган.
Ошондой эле сайттан бул айымга акчасын алдаткан бир нече адамдын билдирүүлөрүн көрүүгө болот.
Бул “шарият мыйзамдарына ылайык”, “халал” жол менен акча табууну сунуштаган биринчи шылуундар эмес. Белгилей кетсек, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин дал ушундай эле схема менен иштеген “Халяль”, “Ислам Кирешеси”, “Алия”, “Халяль Зульфия”, “Назира”, АЗИЗА | ISLAM 🇰🇬 аттуу телеграм-каналдардын фейк-брокерлик менен алектенерин аныктаган.
Валюта рыногу жана фейк брокерлерден коргонуу жолдору
Валюта рыногу (Forex же FX) улуттук валюталарды алмаштыруу үчүн дүйнөлүк базар.
Валюта рыногу бүткүл дүйнө боюнча сооданы жана финансыны камтыган эң ири актив базары болуп саналат.
Брокер — инвестор менен баалуу кагаздар биржасынын ортосунда ортомчу катары иш алып барган жеке адам же фирма. Баалуу кагаздар биржалары ошол биржага мүчө болгон жеке адамдардын же фирмалардын заказдарын гана кабыл алгандыктан, жеке соодагерлер жана инвесторлор биржа мүчөлөрүнүн кызматына муктаж болот.
Валюта рыногунда акчаңызды онлайн инвестиция кылуу үчүн брокерди тандоодо төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек:
— Социалдык тармактарда өзүн каржылык кеңешчи катары көрсөткөн адамдардан этият болуңуз. Алардын кеңеши менен акчаңызды кантип инвестициялоо керектиги жөнүндө чечим кабыл алуу тобокелдикти жаратат. Анткени валюта рыногунун 98 пайызын фейк брокерлер, башкача айтканда, алдамчылар түзөт;
— Сиз тандаган брокердин жоболорун жана шарттарын кылдаттык менен текшериңиз;
— Кепилденген кайтарым убадасына алданып калбаңыз. Ыксыз талаптарды коюп, чоң кирешени убада кылган же инвестициялык кирешеге карата «кепилдик» деген сөздү колдонгондорго көңүл буруңуз. Эч кандай инвестиция же инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ал тургай рейтинги боюнча эң жороку кирешеси бар мамлекеттик облигациялар да пайда алып келүүгө кепилдик бере албайт;
— Ишенимдүү булактардан брокер тууралуу сын-пикирлерди издеңиз.
Брокердин жөнгө салынуу жактарын жана алардын ишеним грамоталарын текшерүүдөн тышкары, калыс булактардан келген сын-пикирлерди окуу маанилүү.
— Сиздин брокериңиз улуттук жөнгө салуучу органдын кара тизмесинде же эскертүү тизмесинде эмес экенин текшериңиз;
— Лицензиянын номерин жана жөнгө салуучу маалыматын аныктоо үчүн брокердин веб-сайтына кириңиз (аны адатта алардын веб-сайтынын төмөнкү колонтитулунан табууга болот), андан кийин тиешелүү жөнгө салуучу орган менен текшериңиз. Ошондой эле брокердин өкүлү сиз ырастаган домендик аталышка ээ болгон электрондук почта дарегине электрондук кат жөнөтүп баарлаша алууңуз керек.
Жыйынтык: Өзүн Раяна Мусаева деп тааныштырган айым жана анын “Исламские финансы” деп аталган канал фейк брокерлик менен алектенет. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз!