350 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы кабарланды

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында баасы 350 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай деп айтылат: “2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Лима-Текс” ЖЧКсына (азыркы “Ак-Текс” ЖЧКсынын ээси) Ош шаарынын Привокзальная көчөсү, №101 “А” дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилген.

Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды”.

Аталган жер тилкесинин баасы ал учурда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 миллион сомго жетиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты