31-августта Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
- 3 месяца мурун
31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүн белгилөөгө байланыштуу, Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, ошондой эле Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Аталган тилке 31-августта таңкы саат 06:00дөн тартып, түнкү саат 00:00гө чейин жабык болот.
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктап жана ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну, каттамыңызды алдын ала пландоону суранарын билдирет.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




