3 шаардык жана 13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргызстанда 3 шаардык жана  13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Атап айтсак, Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо күнү.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши, 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши, 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши, 

Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши, 

Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши, 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери, 

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.

 Талапкерлер тууралуу маалыматты, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу, же КР БШКнын “shailoo.gov.kg” сайтынан билсеңиз болот.

Сүрөт: БШК маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты