№27 мекемеде жаза өтөгөндөр массалык түрдө айып изоляторуна жаткырылгандыгы айтылды
- 1 месяц мурун
Кыйноонун алдын алуу улуттук борборуна №27 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткандарга катаал мамиле жасалганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда камактагыларды сабап, суу, туугандарынан келген тамак-ашты алдырбай жана жолугушууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылган.
8-апрелде аталган борбордун кызматкерлери ал мекемеге барганда, 7-апрелде жашырылып киргизилген нерселер боюнча тинтүү жүргүзүлгөнү айтылган. Жаза өтөп жаткандар талапты аткарбай, жашырууну нерселерди алууга каршылык көрсөткөндүгү белгиленген. Анын айынан 42 соттолуучу айып изоляторуна жаткырылган. Жаза өтөп жаткандар арыз жазуудан баш тартышкан.
Кыйноонун алдын алуу борбору түзөтүү мекемелериндеги маасалык түрдө жазалоонун көбөйүп бара жаткандыгына тынстызданганын билдирди. Айып жазасын берүү тартиптик жаза болуп саналарын жана анын ар бир фактысы кылдат териштирилиши керектигин эскертет.