26-октябрда: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 5 часов мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 26-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт, Нарын жана Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдадмыдыг секундуга 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15;
Талас облусунда -2…-7, күндүз +9…+14;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4.. +9, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+5, күндүз+ 9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +11…+16 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз +12…+14 болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




