УКМК: Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү К. К. кечээ, 14-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган. Кармалган учурда анын жанынан 13 килограмм «гашиш» заты табылган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы маңзатты мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты