​Коррупцияга шектелген Эмил Жамгырчиев “Альянс” партиясы менен шайлоого катышып жатканы чындык (Фактчекинг)

14-октябрь күнү, Фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасында “50 миң доллар пара алууга айыпталган Эмил Жамгырчиев “Альянс” партиясы менен шайлоого аттанды” деген маалымат жарыяланган.

​Коррупцияга шектелген Эмил Жамгырчиев “Альянс” партиясы менен шайлоого катышып жатканы чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев парламенттик шайлоого “Альянс” партиясы менен бара турганын өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

Ал, “Альянс” партиясында мыкты талапкерлер бар экенин белгилеп, парламентке келүүдөгү максаты Кыргызстандын спорт тармагын өнүктүрүү экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Жамгырчиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышаары айтылган, бирок кийинчерээк жарыяланган талапкерлердин тизмесинде анын аты жок болуп чыккан.

50 миллиондун айланасындагы чыр

Эмил Жамгырчиев 2018-2020-жылдар аралыгында Финансы полициясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

50 миң долларга байланыштуу чырда Жамгырчиевдин аты 2018-жылы аталган. Анда, Эмир Эмилканов аттуу ишкер Кыргызстанда тыюу салынганына карабай, Кытайдан ири көлөмдө өрдөк этин алып келген. Ал ошол учурда «өрдөк этине тыюу салынып калганы тууралуу кабарсыз» болгонун билдирген.

Бул окуя боюнча, Финполдун Чүй облустук башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Кийин маселени сотко жеткирбей жабыш үчүн Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов менен Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганын Эмилканов журналисттерге айтып берген.

Кийинчерээк, Калмуратов кызматынан бошотулуп, ал эми Жамгырчиев бул маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын айткан.

Өрдөк этине байланыштуу коррупциялык чуу өлкөдө бийлик алмашкандан кийин кайра жанданган. 2020-жылы 19-октябрда Калмуратов менен Жамгырчиев УКМК тарабынан “өзгөчө чоң өлчөмдө пара алуу” беренеси менен кармалышкан. Бирок Эмил Жамгырчиев кайра февраль айында үй камагына чыгарылып, мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнү айтылган. Бирок кийинчерээк Жамгырчиев бул маалыматты да четке каккан.

Азыркы учурга чейин бул окуя боюнча соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп келет.

Райымбек Матраимовду калкалоого байланыштуу нааразычылыктар

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге тиешеси бар экени айтылган Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу парламенттеги жыйындарда Жамгырчиевдин берген маалыматтары коомчулукта Матраимовду калкалоо катары кабылданып, сынга алынган.

Ал 2019 -жылы күзүндө ишкер Айеркен Саймаити өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткенин тастыктап, чыгарылган миллиондор мамлекеттик бюджеттен эмес экенин айткан.

Мындан сырткары, “БеспределKG” сайтында Эмил Жамгырчиев өзүн “Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча кыргыз күрөш федерациясынынын” президенти деп көрсөткөнүн бирок бул маалымат туура эмес экени айтылат. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Бишкек шаары боюнча кыргыз күрөш федерациясынын” президенти Канатбек Татыгулов экени көрсөтүлгөн. Ал эми, “Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын кыргыз күрөш федерациясы” тууралуу юстиция министрлигинде маалымат жок.

Бирок ЖМКларда жана кыргыз күрөш боюнча федерациясынын фейсбук баракчасында, уюмдун президенти Эмил Жамгырчиев экени белгиленип келет.

​Коррупцияга шектелген Эмил Жамгырчиев “Альянс” партиясы менен шайлоого катышып жатканы чындык (Фактчекинг)

Ал эми Жамгырчиев өзү ушул жылдын 29-июлунда “Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын кыргыз күрөш федерациясынын” президенти болуп шайланганын бидирген.

Жыйынтык: Эмил Жамгырчиев “Альянс” партиясынын курамы менен парламенттик шайлоого катышып жатканы чындык. Ошондой эле 50 миллион доллар пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Бирок, өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты