Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип мурдагы милиция кызматкери кармалды

  • 3 года мурун

Ош шаарында жашы жете элек окуучу кызды зордуктоого шектелип мурдагы милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышып, аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине алып барып, кыздын эркине каршы күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркуткан.

Атайын дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун зордукталганы тастыкталган.

Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган О.уулу Э. кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пункту (Зордуктоо) боюна сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты