Анталияда 20 жаштагы кыргызстандык жигит 6-кабаттан кулап түштү

  • 3 года мурун

Түркиянын Анталия шаарында 20 жаштагы кыргызстандык жигит 6-кабаттан кулап түштү. Учурда абалы оор экени айтылууда. Бул тууралуу Haberler.com. сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны кулап түшкөн имаратта достору менен жашаган.

Кырсык болгон учур үйдүн видео байкоосуна түшүп калган.

Окуя болгон жерге барган медкызматкерлер баланы ооруканага жеткиришкен. Учурда бейтаптын абалы оор экени айтылууда.

Полиция кызматы окуянын келип чыгуу себебин тактап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты