Токмок: эки айлык наристе эмчек эмип жаткан жеринен чарчап калды

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Токмок шаарында эки айлык наристе эмчек эмип жаткан жеринен чарчап калды. Бул тууралуу АкиPress агенттиги шаар тургундарынын маалыматына таянып жазды.

Шаар тургундарынын айтымында, наристенин энеси аны эмизип жатканда уктап калган. Анын кесепетинен бала тумчугуп калган.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Маалым болгондой, 14-октябрда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 11-августунда туулган С. Э. чарчап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барган учурда 33 жаштагы Б. С. баласын эмизип жатканда уктап калганын, анын кесепетинен наристе тумчугуп чарчап калганын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 135-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, С. Э.нин жансыз денеси Токмок шаарынын өлүк кармоочу жайына жеткирилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Фото: Иллюстративдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты