Чүйдө өрттүн кесепетинен 4 уй тирүүлөй күйүп кетти

  • 3 года мурун

Жайыл районунун Новониколаевка айылында сарайдан өрт чыгып, төрт уй тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 14-сентябрда түшкө маал чыккан. Өрттү өчүрүүгө №22 ӨККБден 2 бөлүм тартылып, өрт саат 14:40та чектөөгө алынган жана 17:18де толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 180 ч.м сарай,1500 түк чөп жана 4 уй тирүүлөй күйүп кеткени кабарланды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты