​Ош шаарындагы «Келечек» базарынан өрт чыкты

  • 3 года мурун

Ош шаарындагы «Келечек» базарынан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 700 ч.м. аянт күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге 15-сентябрь күнү саат 00:21 чамасында Келечек базарынын аймагындагы ашканадан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, ӨКМдин ККББдан ыкчам топ, электр тармагы кызматынан 1 бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылган. Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры болуп, жалпы 700 ч.м. аянт күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты