Ошто жол кырсыгы катталып, бир адам мүрт кетти

  • 3 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу эки унаа кагышып, бир адам мүрт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиргендей, Кызыл-Кыштак айылында «Гольф-3» жана «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу эки унаа кагышып, кырсыктан 23 жаштагы эркек киши каза тапкан.

Кырсык болгон жерге ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын «Куткаруу кызматынан» 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты