COVID-19: эки адамдын өмүрүн алды, 98 жаңы учур катталды
- 3 года мурун
15-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 98 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 74;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 0.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 179 881ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 94. Жалпы — 174 501.
Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2629.
Стационарда 476 жана амбулатордук түрдө 576 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү