​Бишкекте жаңы конуштардагы курулуш объекттеринин интерактивдүү картасы түзүлдү

  • 2 года мурун

Борбордун ар бир тургуну жаңы объекттер кайда курулуп жатканын биле алат, ошондой эле курулуш -монтаждоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат ала алат.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы менен бирге курулуш объектилеринин интерактивдүү картасын иштеп чыкты. Анда социалдык объектилердеги курулуш-монтаждоо иштери тууралуу маалыматтар чагылдырылган. Алар жума сайын жаңыртылып турат.

Маалымат алуу үчүн, https://e-meria.kg шилтемесине кирип, «Социалдык объекттердин курулушу (КМККБ аркылуу)» кирүү керек. (Түз шилтеме: https // e-meria /kg / oguks -for —

-user).

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты