Кегети капчыгайында адашып кеткен индиялыктар таңга жуук табылды
- 3 года мурун
Чүй районунун Кегети айылынын Кегети капчыгайынын Көлтөр эс алуучу жайына Индия өлкөсүнүн 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен.
Куткаруучулар саат 22:30да жерине чыгып кетишип, саат 00:50дө жетишти.
Саат 05:27де Индия өлкөсүнүн 10 жаранын таап, тоодон аман — эсен түшүргөнүн жана баарынын абалы жакшы экенин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү