Министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалды
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаровун жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы, орун басарлары, мүчөлөрү дайындалды.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
-Арызбек Кожошев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;
— Азиз Аалиев Азиз Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
— Амангелдиев Данияр экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;
— Бакетаев Алмаз финансы министри болуп дайындалды;
— Казакбаев Руслан тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Баетов Аяз юстиция министри болуп дайындалды;
— Осоев Эркинбек транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Жаныбеков Аскарбек айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Бекмурзаев Доскул энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— К утманова Динара жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Бейшеналиев Алымкадыр саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Купешов Болотбек билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Жаманкулов Азамат маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;
— Базарбаев Кудайберген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Бекболотов Бактыбек коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Ниязбеков Улан ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
— Ажикеев Бообек өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Жогорку Кеңеш, бүгүн, 13-сентябрда президент Садыр Жапаров сунуштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамын дайындоого макулдук берди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.