Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди

  • 3 года мурун

Быйыл «Кумтөр» алтын кенинен 5 тонна алтын өндүрүлдү. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эсебинде 100 миллион доллардан ашык каражат турат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Кумтөр» туруктуу иштеп жатат жана мындан ары дагы иштей бермекчи. Салыктар түшүп жатат. Август айында өндүрүш процесстерине байланыштуу суммадан кыскартуулар болду, бирок жыл аягына чейин көлөм толугу менен калыбына келтирилет. Бүгүнкү күнгө кенден 5 тонна алтын өндүрүлдү. «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 10 миллион доллардан ашык каражат турат», — деди ал.

Анын айтымында, «Кумтөр» кенинде убактылуу сырттан башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге дагы 5-6 эл аралык деңгээлдеги адис иштеп жатат.

Мындан тышкары ал «Кумтөрдө» иштөө үчүн чет өлкөдө эмгектенип жаткан кыргызстандыктар чакырылганын кошумчалады.

«Алар убактылуу башкаруу режими аяктагандан кийин бизге келүүгө убада беришти», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты