Улукбек Мариповдун иниси Бакытбек Марипов бир мандаттуу округдан шайлоого катышууну көздөөдө

  • 2 года мурун

Ноокат районунун мурдагы акими Бакытбек Марипов бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал №5 Ноокат шайлоо округунан депутат болууну көздөөдө

Бакытбек Марипов Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Мариповдун бир-тууган иниси. 2021-жылдын февралында агасы премьер-министр болуп дайындалганда Ноокат районунун акими кызматынан алынган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-сентябрь бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты