Чүйдө өрттөнүп жаткан сарайдан аял кишинин жансыз денеси табылды

  • 3 года мурун

Ысык-Ата районунун Кант шаарында өрттөнүп жаткан сарайдан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, өрт 01:07де чектөөгө алынып, 01:37де толук өчүрүлгөн.

Куткаруучулар аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты