Өзгөндө турак үйдөн өрт чыкты

  • 3 года мурун

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Прогресс айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 90 ч/ма аянты, үй-буюмдары, эмеректери, документтери жана акчалары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 02:32 чектөөгө алынган жана 05:07де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты