Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Алдыдагы парламенттик шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлеринин тизмеси четинен аныктала баштады.

9-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин биринчилерден болуп бекитти. Аны улай эле “Ата Мекен” партиясы тизмедеги алдыңкы бештикке кимдер киргенин жарыялады.

10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Азаттык” партиялары шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмесин тактады.

11-октябрда “Ынтымак” жана “Улуттар биримдиги” саясий партиялары курултайын жыйынтыктап, талапкерлердин тизмесин бекиткенин билдирди.

Бүгүн, 12-октябрда “Альянс” партиясынын съездди жыйынтыкталды. Съездде партияга жетекчи шайланып, талапкерлердин тизмеси такталганы белгилүү болду.

ПолитКлиника медиасы төмөндө тизмеси аныкталган партиялардын алдыңкы бештигине анализ жасады. Анда талапкерлердин жашы, жынысы, жердиги жана улуту эсепке алынды.

“Ата Мекен” саясий партиясы

Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Өмүрбек Текебаев — “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 62.

Жердиги: Жалал-Абад облусу.

Улуту: кыргыз.

Клара Сооронкулова — “Реформа” партиясынын лидери, “Школа права” коомдук бирикмесинин төрайымы.

Жынысы: аял.

Жашы: 52.

Жердиги: Талас облусу.

Улуту: кыргыз.

Тилек Токтогазиев — жеке ишкер, мурдагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.

Жынысы: эркек.

Жашы: 30.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Али Токтакунов — журналист.

Жынысы: эркек.

Жашы: 33.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

Наталья Никитенко — Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты.

Жынысы: аял.

Жашы: 42.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: орус.

“Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги алдыңкы бештикти бекитүүдө гендердик тең салмактуулук сакталган. Алдыңкы бештиктеги талапкерлердин үчөө өлкөнүн түндүк аймагынан болсо, экөө түштүк аймагынан.

Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин орточо жашы — 43,8 жаш.

Алдыңкы бештиктеги талапкерлердин бири славян улутунун өкүлү.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы

Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Адахан Мадумаров — “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, ЖКнын үч чакырылышынын депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 56.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

Исхак Масалиев — “Кыргызстан коммунисттер партиясы” саясий партиясынын төрагасы, парламенттин 4 жолку депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 61.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

Токон Мамытов — акыйкатчы, ЖКнын V чакырылышынын депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 67.

Жердиги: Ысык-Көл облусу.

Улуту: кыргыз.

Орозайым Нарматова — активист.

Жынысы: аял.

Жашы: 27.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

Темирлан Сманбеков — театр жана кино артисти.

Жынысы: эркек.

Жашы: 64.

Жердиги: Жалал-Абад облусу.

Улуту: кыргыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги алгачкы бештикти аныктоодо гендердик тең салмактуулук сакталган эмес — беш талапкердин ичинен бирөө гана аял.

Талапкерлердин жердигине карай бөлүнүүсүндө дагы тең салмактуулук жок. Беш талапкердин ичинен бирөө гана өлкөнүн түндүк тарабынан болсо, калганы түштүк тараптан.

Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин орточо жашы — 55 жаш.

Алдыңкы бештикке башка улуттун өкүлдөрү кирген эмес.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы

Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Айбек Маткеримов — “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери.

Жынысы: эркек.

Жашы: 40.

Жердиги: Жалал-Абад облусу.

Улуту: кыргыз.

Бакыт Төрөбаев — “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы, ЖКнын 3 жолку депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 48.

Жердиги: Жалал-Абад облусу.

Улуту: кыргыз.

Равшан Сабиров — КРдин президентинин мурдагы кеңешчиси.

Жынысы: эркек.

Жашы: 51.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: тажик.

Жамиля Исаева — Өкмөттүн алдындагы Сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун мурдагы орун басары.

Жынысы: аял.

Жашы: 44.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Таалайбек Сарыбашов — Ош шаарынын мурдагы мэри.

Жынысы: эркек.

Жашы: 50.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесинин алдыңкы бештигинде гендердик тең салмактуулук сакталган эмес.

Талапкерлердин басымдүү бөлүгү Жалал-Абад жана Ош облусунан.

Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин орточо жашы — 46,6 жаш.

Алдыңкы бештикке кирген талапкерлердин бири тажик улутунун өкүлү.

“Ынтымак” саясий партиясы

Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Чыңгыз Макешов — “Келечек” партиясынын лидери, ЖКнын учурдагы депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 44.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Марлен Маматалиев — “Ынтымак” партиясынын лидери, ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 40.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Бакыт Тентишев — “Бирге” партиясынын лидери.

Жынысы: эркек.

Жашы: 35.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Аида Исатбек кызы — жеке ишкер.

Жынысы: аял.

Жашы: 29.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Сагындык Келдибаев — ЖКнын учурдагы депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 54.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

“Ынтымак” партиясынын тизмесиндеги алдыңкы бештикти бекитүүдө гендердик тең салмактуулук толук сакталган эмес. Алдыңкы бештиктеги талапкерлердин бири гана аял.

Алдыңкы сапка кирген беш талапкердин төртөө борбор калаадан болсо, бирөө Ош облусунан.

Партиянын тизмесиндеги алгачкы беш талапкердин орточо жашы — 40,4 жаш.

Алдыңкы бештикте башка улуттун өкүлдөрү жок.

“Альянс” саясий партиясы

Бештигиңди көрсөт, ким экениңди айтып берейин. Партия тизмелерине анализ

Мирлан Жеенчороев — “Альянс” партиясынын тең төрагасы, ЖКнын депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 41.

Жердиги: Талас облусу.

Улуту: кыргыз.

Жанар Акаев — “Альянс” партиясынын тең төрагасы, ЖКнын депутаты.

Жынысы: эркек.

Жашы: 34.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

Чынгыз Айдарбеков — мурдагы тышкы иштер министри.

Жынысы: эркек.

Жашы: 44.

Жердиги: Бишкек шаары.

Улуту: кыргыз.

Токтобүбү Оргалча — жеке ишкер, “Шыдыр жол” ЖЧКсынын башкы директору

Жынысы: аял.

Жашы: 46.

Жердиги: Кытай Эл Республикасы.

Улуту: кыргыз.

Алтынбек Сулайманов — парламенттин 3 жолку депутаты, “Бир бол” фракциясынын лидери.

Жынысы: эркек.

Жашы: 49.

Жердиги: Ош облусу.

Улуту: кыргыз.

“Альянс” партиясынын алдыңкы бештигин аныктоодо гендердик тең салмактуулук сакталган эмес. Тизменин басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт.

Талапкерлер өлкөнүн ар башка аймагынан тандалган. Алдыңкы бештиктеги талапкердин бири этникалык кыргыз.

Алгачкы бештикке кирген талапкерлердин орточо жашы — 42,8 жаш.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты