​Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал ошондой эле Президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, кол койду.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетирилди.

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты