“Уялчаак депутаттан” баштап “Раим миллиондун” жакын досторуна чейин. Бир мандаттуу округдан шайлоого катышып жаткандардын 27cи азыркы депутаттар (Фактчекинг)
- 3 года мурун
- Фактчекинг
12-октябрга карата, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат болууга арыз бергендердин саны азырынча 228ге жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр.
ПолитКлиника медиасы, бир мандаттуу шайлоо округдарынан катышып жаткан талапкерлердин канчасы 6-чакырылыштын депутаттары экенин анализдеп көрдү.
2020-жылы 10-октябрда, Садыр Жапаров премьер-министр катары маалымат жыйынын уюштурган. Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, партиялык система “бизнес” экенин белгилеген:
“Партиялык система — бул бизнес система. Алдыңкы сапка акчанын күчү менен олигархтар коюлуп, алар коррупциялык иштерге аралашышат. Мындай система өлкөгө зыян гана алып келет. Ошондуктан, мен бир мандаттуу системаны сунуштайм”, — деп айткан.
Андан кийин, 2021-жылы 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү» мыйзамына кол койгон. Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, парламентте депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарып, Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келе турганы бекитилген.
Мындай шайлоо ыкмасы өлкөдөгү “бизнес” системаны жое турганы айтылса да, практика жүзүндө кайра эле азыркы депутаттардын 27си же жалпы талапкерлердин 12%ы бир мандаттуу шайлоо округдары менен депутаттыка талапкерлигин коюшкан.
Бийликти эңсеген депутаттар
1.17-сентябрда алгачкылардан болуп бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыка талапкер болуп катталган Айбек Алтынбеков.
Ал, 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого Базар-Коргон округунан талапкер болгон.
2. “Кыргызстан” фракциясы менен 6-чакырылыштын депутаты болгон Канат Исаев, бир мандаттуу округ менен Чүй облусунун Кемин районунун атынан талапкер болуп катталган.
Ал 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын лидери болгон.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан” саясий партиясы бир жыл мурда өткөрүлгөн шайлоодо 8,76% добушка ээ болуп жеңип чыккан. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы 13 күнгө созулган элдик толкундоолордун натыйжасында, шайлоо мыйзамсыз өткөрүлгөн деген жыйынтык чыгарган. Башкача айтканда, Канатбек Исаев 4-октябрда элдик толкундоого себеп болгон төрт партиянын бирисинин лидери.
3. Бактыбек Сыдыков, 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Ал буга чейин “Манас” аэропортунун директору болуп иштеп,
2021-жылдын 9-февралында кызматтан кеткен. Бир катар ЖМКларда Сыдыков бир канча компанияга ээлик кылаары жана бул мыйзам бузуу экени айтылып келген. Ал эми, 2020-жылы парламенттик шайлоого “Мекеним кыргызстан” саясий партиясынын алдыңкы сабында шайлоого катышкан.
4. Тазабек Икрамов, келе жаткан шайлоого бир мандаттуу округ боюнча Сузак районунан катышып жатат. ЖМКлардагы маалымат боюнча, мурда Стамкулов деген фамилия менен белгилүү болгон Тазабек Икрамов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.
Ал, мурдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясы менен катышкан.
5. Автандил Кулбараков — СДПК партиясы менен алтынчы чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Ал, азыркы шайлоого Кочкор округу боюнча талапкерлигин койгон.
Автандил Кулбараков 4-октябрда өткөрүлгөн шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.
Белгилей кетсек, “Биримдик” саясий партиясы шайлоодо добуш сатып алууга жана башка мыйзамсыз аракеттерге айыпталып келет.
6. Самат Ибраев- 2020-жылдын апрель айында Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Октябрдагы парламенттик шайлоого “Бүтүн кыргызстан” партиясы менен катышкан. Ал эми азыр Жети-Өгүз округу боюнча талапкерлигин койгон.
Белгилей кетсек, 4-октябрда 30дай киши Самат Ибраевге каршы митингге чыгышкан. Чогулгандар, Ибраев жана анын үй-бүлөсү жалпы 507 миллион сом чыгымка учуратканын айтышкан. Азыркы учурда бул факт изилденип жатат.
7. Азизбек Турсунбаев- 2015-жылы “Кыргызстан” Фракциясы менен депутат болуп шайланган. Азыркы шайлоого Ала-Бука округунан катышып жатат.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
8. Нурбек Мурашев- 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Кийинчерээк мандатын тапшырып, бирок кайра 2021-жылы парламентке келген.
Ал буга чейин Кыргыз республикасынын Айыл чарба өнөр-жай жана мелиорация тармагын жетектеп, бирок бир топ сын-пикирлерден кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Мындан сырткары, ал мушташ жана ур -токмок менен да коомчулуктун эсинде калган. Мурашев, 2014 -жылы Бишкектеги Улуттук госпиталдын дарыгерине кол салган деп айыпталган. Мындан сырткары, 2017 -жылы президенттик шайлоо учурунда депутаттыкка талапкерди сабап салгандыгы тууралуу арыз түшкөн.
Азыркы учурда Мурашев Ноокен округу боюнча талапкерлигин койгон.
9. Алмазбек Баатырбеков- Нарын облусу боюнча бир мандаттуу округдан талапкер болгон. Ал 2015-жылы “Кыргызстан” партиясы менен алтынчы чакырылыштын депутаты болгон.
Белгилей кетсек, Алмазбек Батырбеков 9-июнда Кумтөргө байланыштуу чыр боюнча кармалып, кайра 17-июнда бошотулган.
10. Бактыбек Райымкулов “Республика-Ата Журт” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми келе жаткан парламенттик шайлоого Жайыл округу (Чүй) боюнча катышып жатат.
Бактыбек Райымкулов 4-октябрдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. Мындан сырткары, ал бир катар журналисттик иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовду колдоп келет.
11.Искендер Матраимов- “Мекеним Кыргызтан” партиясы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. Азыркы шайлоого Кара-Суу округу боюнча катышып жатат.
Белгилей кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы октябрь революциясынын чыңалышын шарттаган партиялардын бири. Аталган партия шайлоо учурунда массалык добуш сатып алууга шектелип, бир канча үгүтчүсү кармалган.
12.Дастан Жумабеков- 2015-жылы “кыргызстан” фракциясынын курамы менен депутат болуп шайланган. Ал эми азыркы шайлоого Талас облусундагы Манас районуна талапкерлигин койгон.
Дастан Жумабеков мурдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
13. Айбек Осмонов- Парламентке “Бир Бол” фракциясы менен 2021-жылдын март айында келген. Ал келе жаткан шайлоого Ош округу боюнча ат салышат.
Буга чейин Осмонов, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү катары белгилүү болгон.
14. Дастан Бекешев- 2015-жылы Жогорку Кеңешке СДПК фракциясынан депутат болуп келген. 28-ноябрда боло турган шайлоого Октябрь округунан катышып жатат.
Ал эми 2020-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоого Дастан Бекешев катышкан эмес.
15. “Уялчаак депутат” атка конгон Камчыбек Жолдошбаев да парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышып жатат. Ал Ленин районунан (Чүй облусу) талапкерлигин койгон. Жолдошбаев 2015-жылдан бери “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болуп келген.
Камчыбек Жолдошбаев буга чейин “депутаттар коомдук транспортто жүргөнү уят” жана сөгүнгөн сөздөрү менен элдин эсинде калган.
16. 2015-жылы “Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп шайланган Нурбек Алимбеков Төлөйкөн округу боюнча шайлоого катышып жатат.
Ал, былтыры болуп өткөн парламенттик шайлоого чуулуу “Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
17. Осмон Турдумамбетов 2020-жылы 28-августта Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Азыркы шайлоого Токтогул округу боюнча катышып жатат.
Ал эми 2020-жылы болуп өткөн шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
18. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мыйзамсыз баюу беренеси менен УКМКга суракка чакырылган соң, ваканттык мандатты апрель айында Равшанбек Рысбаев алган. Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан (Көк-Жар) катышып жатат.
19. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Өскөнбай Жээнбаев, шайлоого Алай округу боюнча катышып жатат. Ал да 2021-жылы май айында парламентке депутат болуп келген.
20. “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мээримбек Койчуманов Биринчи Май округу менен (Чүй облусу) шайлоого катышып жатат.
21. Мурдагы Бажы кызматынын орун басары Райымбек Матраимовдун жакын саналаашы Шайлообек Атазов да парламенттик шайлоого аттанды. Ал талапкерлигин Төлөйкөн округу (Ош облусу) боюнча койгон.
Белгилей кетсек, Шайлообек Атазов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого добуш сатып алууга айыпталган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
22. СДПК партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болгон Улан Примов, келе жаткан шайлоого алай округу (Ош облусу) боюнча катышып жатат.
Улан Примов 2020-жылдагы шайлоого, революцияга себеп болгон партиялардын бири “Биримдик” менен катышкан.
23. Алтынчы чакырылыштын депутаты Аалы Карашев Өзгөн району (Ош облусу) боюнча шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон.
2020-жылдагы шайлоого “Республика” партиясы менен катышкан.
24. СДПК фракциясынын депутаты Өмүрбек Бакиров да бир мандаттуу округ боюнча (Көк-Жар округу) талапкерлигин койгон.
Ал эми 4-октябрда болуп өткөн мурдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.
25. 2015-жылы “Кыргызстан” фракциясы менен депутат болуп келген Данияр Төлөнөв Куршаб округу (Ош облусу) боюнча талапкерлигин койгон.
Ал, 2020-жылдагы шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
26. Бир мандаттуу округ боюнча, Араван районунан (Ош облусу) талапкерлигин койгон Ильхом Маннанов СДПК фракциясы менен алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.
Мурдагы жылкы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
27. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев да бир мандаттуу округ боюнча талапкерлигин койгон. Ал Аламүдүн округу боюнча шайлоого катышып жатат.
Белгилей кетсек Каныбек Иманалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан эмес.
Жогорудагы депутаттардан сырткары, бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышып жаткандардын арасында мурдагы аскердик күчтөрдө иштегендер, муниципалдык кызматкерлер жана соттолуп чыккан депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар.